• Башкы бет
  • Нөөшөрлөп жааган жаандан улам бир нече аймакта сел жүрдү
14:03, 2022-ж., 28-май

Нөөшөрлөп жааган жаандан улам бир нече аймакта сел жүрдү

Нөөшөрлөп жааган жаандан улам бир нече аймакта сел жүрдү

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, 27-майда саат 19:10до нөшөрлөп жааган жаандын кесепетинен улам, кокту-колоттордон аккан суу кирип, Жалал-Абаддын Аксы районуна караштуу Кара-Суу айыл өкмөтүндө жайгашкан эки турак үйдүн короосун каптаган.

Топ-Жаңгак - Кызыл-Көл автоунаа жолдун айрым жерлерине кум-шагыл түшүп, жолду жаап калган.

Ушул эле күнү Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Кара-Кочкор айыл өкмөтүндө кокту-колоттордон келген суу Сары-Булак айылынын Таштак тилкесинде 1,5 чакырым ички чарбалык жолду каптаган.

Ылай-Талаа айылында “Суу чарба башкармалыгынын” балансындагы эгин сугаруучу каналындагы суу ташып 25 турак үйлөрдүн короо-жайына агып кирген. Аталган мекеменин басма сөз кызматы тараткан маалыматка караганда, Ылай-Талаа жана Чалма айыл өкмөтүнүн электр жарыгы өчүп, электр тармактар ишканасы тарабынан калыбына келтирилди. Жабыркагандар жок.

27-май күнү Өзгөн районунун Кош-Этер (Ош облусу - ред.) айылында сел жүрүп, ички чарбалык жолдорун, турак үйдү сел каптаган. 18 турак үйгө кооптуулук жаралган. Тургундар туугандарыкына убактылуу көчүрүлгөн. Чечебай айылында 20 турак үйдүн короосун суу каптаган.

Баткендин Кадамжай районуна караштуу Орозбеков айылындагы Охна сайынан сел жүрүп, Учкун, Бостон, Кара-Кечүү, Больничная, Жоогесек-Коргон тилкелерине баруучу жети бетон шакекче менен курулган көпүрөнүн айланасындагы кум-шагылды агызып кеткен. Сайдын 700 метр жээги жээлип, Күлдү, Гараж жана Өндүрүш айылдарында 600 метр ички чарбалык арыктарды, Суу пайдалануучулар ассоциациясына (СПА) караштуу 50 метр сугат каналын кум-шагылга толтурган. Суу бөлүштүргүч каналды бузуп, эки гектар айдоону жууп кеткен.

Учурда тактоо, селдин кесепетин жоюу иштери жүрүп жатканын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...