• Башкы бет
  • Жапаров: "Кытай – Кыргызстан - Өзбекстан" темир жолу бүткүл Евразия континентинин транзиттик потенциалын толук ачууга олуттуу кадам болот
14:01, 2022-ж., 28-май

Жапаров: "Кытай – Кыргызстан - Өзбекстан" темир жолу бүткүл Евразия континентинин транзиттик потенциалын толук ачууга олуттуу кадам болот

Жапаров: "Кытай – Кыргызстан - Өзбекстан" темир жолу бүткүл Евразия континентинин транзиттик потенциалын толук ачууга олуттуу кадам болот

Президент Садыр Жапаров "Кытай – Кыргызстан - Өзбекстан" темир жолу бүткүл Евразия континентинин транзиттик потенциалын толук ачууга олуттуу кадам болорун белгиледи.

Бул тууралуу мамлекет башчы Шанхай Кызматташтык Уюмунун (ШКУ) башкы катчысы Чжан Минди кабыл алганда билдирди.

Расмий маалыматка караганда, жолугушууда ШКУнун алкагында өз ара кызматташуунун артыкчылыктуу багыттары, уюмга мүчө өлкөлөрдүн аймактык коопсуздукту камсыз кылуу, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөдөгү байланыштарын мындан ары өнүктүрүү боюнча пикир алмашуу болду.

"Кыргызстан экономикалык долбоорлорду ишке ашыруу максатында ШКУ Өнүктүрүү банкын жана ШКУнун Өнүктүрүү фондун (Атайын эсеп) ачуу аркылуу эффективдүү каржылык механизмдерди түзүүнү жактайт. Бул өзгөчө азыркы татаал глобалдык геосаясий процесстерде актуалдуу", - деген Жапаров Чжан Минди кабыл алган учурда.

Өз кезегинде ШКУнун башкы катчысы Чжан Мин "Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан" темир жолун куруу долбооруна токтолуп, бул чоң мааниге ээ деген пикирин билдирди.

ШКУнун Баш катчысы Бишкекке сапарынын жүрүшүндө Евразия экономикалык форумуна катышкан.

Форумда Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев дагы Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу жакында башталарын билдирген.

Бишкекте Евразия экономикалык форуму 26-майда видео конференция форматында өттү.

Ага ЕАЭБге мүчө Орусиянын президенти, Армениянын премьер-министри, Беларустун премьер-министри видео байланыш аркылуу, Казакстан менен Кыргызстандын президенти жеринде катышкан.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...