14:34, 2022-ж., 27-май

Ош шаарында массалык чуркоо болот

Ош шаарында массалык чуркоо болот

Эртең, 28-майда Ош шаарында ден соолукту чыңдоочу жалпы жеңил атлетика боюнча жазгы жарыш өтөт. Жарыш бардык каалоочулар арасында өтүп, 400, 500, 1500, 2200 метр аралыкта чуркоо болот.

Бул массалык иш-чарага ЖОЖдордун жана колледждердин студенттери, орто мектептердин окуучулары, мекеме-ишканалардын кызматкерлери, укук коргоо органдарынын катышуусу күтүлүүдө.

Каалоочуларды жарышка катышууга чакырабыз.

Катышууга арыздар бүгүн, саат 17:00гө чейин Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин алдындагы калыстар тобуна кабыл алынат. Сурап ​​билүү телефону: (03222) 7-06-99.

Жарыштын жеңүүчүлөрү Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин тиешелүү дипломдору, медалдары, баалуу сыйлыктары жана кызыктыруучу белектери менен сыйланышат.

Иш-чаранын максаты – чуркоону жайылтуу, калк арасында сергек жашоо образын калыптандыруу, жарандарды спортко тартуу.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...