• Башкы бет
  • Быйыл камсыздандыруу компаниялары менен келишим түзгөн жарандар аз
14:28, 2022-ж., 27-май

Быйыл камсыздандыруу компаниялары менен келишим түзгөн жарандар аз

Быйыл камсыздандыруу компаниялары менен келишим түзгөн жарандар аз

Быйыл жыл башынан 1-апрелге чейин камсызданыруу компанияларында 61 миңге жакын келишим түзүлдү. Улуттук статистика комитетинин маалыматында бул былтыркыдан 17%га аз.

Жалпы келишимдердин 89%ы жеке жактар менен түзүлгөн келишимдерге туура келет. Бул ыктыярдуу камсыздандыруу үлүшүнө түзүлгөн келишимдердин 67%ы.

Быйыл камсыздандыруунун суммасы 273,7 млрд. сомду түздү. Анын ичинде жоопкерчиликти ыктыярдуу камсыздандыруу жана жеке туризм камсыздандыруу келишимдеринин суммасы эң көп.

Учурда өлкөнүн экономикасынын финансы секторунда 14 камсыздандыруу компаниялары иштеп жатат. Алардын кирешелери былтыркыга караганда 29,8%га, чыгашасы 1,5 эсеге көбөйдү.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...