• Башкы бет
  • Шашылыш кабар! 27-29-май көп аймактарда жаан жаайт
14:23, 2022-ж., 27-май

Шашылыш кабар! 27-29-май көп аймактарда жаан жаайт

Шашылыш кабар! 27-29-май көп аймактарда жаан жаайт

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аба ырайыга байланыштуу чукул кабар таратты. Ага ылайык, 27-29-май күндөрү маал-маалы менен жамгыр жаайт, айрым региондордо жаан катуу жаашы ыктымал, бийик тоолуу жерлерге кар түшөт. Абанын температурасы төмөндөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, ал эми кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши мүмкүн.

"Мындай туруксуз аба-ырайы айдоочулардын, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат жана жайыттарда малчылардын түйшүгүн көбөйтөт. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо сел жүрүшү, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү ыктымал", деп айтылат министрлик тараткан маалыматта.

Май айындагы катуу жааган жаандан улам өлкөнүн дээрлик бардык аймагында сел жүрүп, бир топ турак-жай жарактан чыкты. Короолор, жолдор жана көпүрөлөр бузулуп, ондогон гектар айдоо аянтын сел жууп кетти.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...