• Башкы бет
  • Оор жүк ташуучуу унаанын үстүндөгү контейнер кулап, 3 адам каза болду
14:21, 2022-ж., 27-май

Оор жүк ташуучуу унаанын үстүндөгү контейнер кулап, 3 адам каза болду

Оор жүк ташуучуу унаанын үстүндөгү контейнер кулап, 3 адам каза болду

Ош-Сары-Таш-Карамык жолунда автоунаага жүктөлгөн контейнер кулап, үч адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

26-майда Чоң-Алай районунун Ош-Сары-Таш-Карамык автоунаа жолунун 66-чакырымында, “Каздын тумшугу” тилкесинде “Volvo” үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу автоунаанын сүйрөткүчүндөгү контейнер карама-каршы жолдо келе жаткан “Hyundai Porter” үлгүсүндөгү автоунаанын кабинасына түшүп кеткен.

Кырсыктын кесепетинен төрт жана алты жаштагы эки кичинекей бала жана 36 жаштагы эркек киши каза болгон. 29 жаштагы эркек киши жабыркаган.

21-майда Баткендин Кадамжай районунун Чечме айылында ири жол кырсыгы катталган. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин "Хово" үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа (трал) "Чечме унаа жолу" өткөрүү бекетинде жол кырсыгына кабылган.

Жол кырсыгынын кесепетинен сегиз адам, анын ичинде ӨКМдин эки кызматкери каза болду жана жети адам жараат алган.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...