• Башкы бет
  • УКМК: Чийки апийим менен алектенген баңги тобунун ишмердүүлүгү аныкталды
15:34, 2022-ж., 26-май

УКМК: Чийки апийим менен алектенген баңги тобунун ишмердүүлүгү аныкталды

УКМК: Чийки апийим менен алектенген баңги тобунун ишмердүүлүгү аныкталды

«Тажикстан-Кыргызстан-Казакстан-Орусия» каттамы боюнча өзгөчө ири өлчөмдөгү чийки апийим ташуу менен алектенген баңги тобунун ишмердүүлүгү аныкталып, бөгөт коюлду. Бул тууралуу 25-майда Улуттук коопсуздук комитети кабарлады. 

Атайын кызмат тараткан маалыматка караганда, Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Арка айылындагы чек ара тилкесинде салмагы сегиз килограмм 350 грамм болгон баңгизаты табылган. Шектүү коңшу өлкөлөрдүн биринин жараны экени белгилүү болду.

Факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 98-беренеси менен кылмыш иши козголду. Кармалган жаран УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда бул кылмыштын башка дагы катышуучуларын аныктоо боюнча иштер жүрүүдө.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...