• Башкы бет
  • Орусия: Мамлекеттик дума аскердик өтөө тууралуу алгачкы келишим түзүү үчүн белгиленген курактык чектүү жөнүндөгү мыйзамды уч окууда кабыл алды
15:31, 2022-ж., 26-май

Орусия: Мамлекеттик дума аскердик өтөө тууралуу алгачкы келишим түзүү үчүн белгиленген курактык чектүү жөнүндөгү мыйзамды уч окууда кабыл алды

Орусия: Мамлекеттик дума аскердик өтөө тууралуу алгачкы келишим түзүү үчүн белгиленген курактык чектүү жөнүндөгү мыйзамды уч окууда кабыл алды

25-майда Орусиянын Мамлекеттик думасы аскердик кызмат өтөө тууралуу алгачкы келишим түзүү үчүн белгиленген курактык чекти жоюу жөнүндөгү мыйзамды дароо үч окууда кабыл алды.

Мыйзам эмгекке жарамдуу курактагы жарандар (Орусияда эркектер үчүн бул 65 жаш) менен чет өлкөлүктөр аскердик кызмат өтөө келишимин түзүүгө укуктуу болгон курактык чекти алып салат. Буга чейин орусиялыктар алгачкы аскердик келишимин 40 жашка чейин, чет өлкөлүктөр 30 жашка чейин түзө алган.

Мыйзам долбоорунун авторлору бул мыйзам армияга «суроо-талапка ээ адистерди», анын ичинде медиктер менен инженерлерди тартууга мүмкүндүк берет деп эсептешет. Документке тиркелген негиздеме-маалымкатта «жогорку тактыктагы куралды колдонуу жана аскердик техникаларды пайдалануу үчүн бийик даражадагы кесипкөй адистер зарыл экени» жазылган. Тажрыйба көрсөткөндөй, мындай деңгээлге жарандар 40-45 жашта жетишет.

Мыйзам долбоору Орусия Украинага кол салып, орус армиясына мобилизация зарыл болушу мүмкүн экени айтылып жаткан маалда кабыл алынды. Буга чейин бир катар америкалык жана британ басылмалары Чалгын кызматтарындагы өз булактарына таянып, Владимир Путин орус армиясынын Украинадагы жоготуулары жөнүндөгү маалыматтардын фонунда мобилизация жарыялашы мүмкүн экенин кабарлашкан. Кремль мындай билдирүүлөр «жалган» экенин айтып, четке кагып келет.

Ал ортодо Орусияда «аскердик каттоо маалыматтарын текшерүү» үчүн эркектер аскердик комиссариаттарга чакырыла баштады. Бул тууралуу «Свобода» радиосуна Нижний Новгороддун жашоочулары билдирген. BBC Орусияда «жашыруун мобилизация» Украинада согуш башталгандан бери жүрүп жатканын кабарлоодо. Маалыматтарга караганда, «аскердик каттоо документтерин текшерүү үчүн» аскердик комиссариаттарга келүү чакырыгын өлкөнүн дээрлик бардык аймактарындагы, анын ичинде аннексияланган Крымдагы эркектер да алып жатат.

Мындай чакыруулар менен аскердик комиссариаттарга барган жарандарга ыктыярдуу түрдө армияга жазылуу сунушталууда. жана андан баары эле баш тартып жаткан жок.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...