• Башкы бет
  • Жапаров: кыргыз-казак өлкөлөрүнүн ортосунда саясий карама-каршылык жок
15:23, 2022-ж., 26-май

Жапаров: кыргыз-казак өлкөлөрүнүн ортосунда саясий карама-каршылык жок

Жапаров: кыргыз-казак өлкөлөрүнүн ортосунда саясий карама-каршылык жок

Бишкекте "Ала-Арча" резиденциясында Кыргызстан менен Казакстандын президенттери Садыр Жапаров жана Касым-Жомарт Токаевдин катышуусунда кеңири форматта жолугушуу башталды. Анда Садыр Жапаров эки өлкөнүн ортосунда эч кандай саясий карама-каршылык жок экенин, бул өз ара алака-катыштагы эң башкы жагдай экенин билдирди.

Мунун алдында эки өлкөнүн башчылары бетме-бет, тар чөйрөдө жолуккан.

Токаев Садыр Жапаров президенттик кызматка киришкенден бери Кыргызстанга расмий сапар менен келген алгачкы чет өлкөлүк мамлекет башчы болуп калды.

Ал 27-майда Евразиялык экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө мамлекеттердин башчыларынын жыйынына катышат.

Бишкектеги жыйын видеоконференция форматында өтөт. Өткөн аптада ага Орусиянын президенти Владимир Путин баштаган бир катар өлкөлөрдүн башчылары келбей калганы белгилүү болгон.

Жогорку Евразия экономикалык кеңештин (ЕЭК) коллегиясынын төрагасы Михаил Мясникович саммиттин күн тартибинде 14 маселе бар экенин айткан.

2021-жылы бул уюмга Казакстан төрагалык кылып, анын жыйынтыктоочу жыйыны онлайн өткөн. Кеңешке төрагалык кылууну былтыр жыл аягында Кыргызстан өткөрүп алган.

Беларус, Казакстан, Орусия 2010-жылы Бажы биримдиги катары түзгөн ЕАЭБге Кыргызстан менен Армения 2015-жылы кошулган.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...