• Башкы бет
  • Токаев: кыргыз-казак кудай кошкон кошуна
15:18, 2022-ж., 26-май

Токаев: кыргыз-казак кудай кошкон кошуна

Токаев: кыргыз-казак кудай кошкон кошуна

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Бишкекте Садыр Жапаров менен тар чөйрөдөгү жолугушууда эки өлкө кудай кошкон кошуна жана өнөктөш экенин, эки эл эзелтеден эле бири-бирине жакын болгонун айтты.

"Үстүбүздөгү жылы дипломатиялык мамилелердин орногонуна 30 жыл толду, бул убакыт аралыгында мамлекеттер ортосунда достук мамилелер чыңдалып, саясий диалог, мамлекеттер аралык жана парламенттер аралык байланыштар түзүлдү", -деди Токаев.

Өз кезегинде Садыр Жапаров бүгүнкү "жолугушуулар биргелешкен өз ара алаканы өнүктүрүүнүн мындан аркы келечегин аныктоо үчүн жакшы мүмкүнчүлүк түзөрүнө ишеним артты", -деп айтты.

Ушул тушта "Ала-Арча" резиденциясында эки мамлекеттин башчыларынын катышуусунда кеңири форматта жолугушуу башталды. Анын башталышында Садыр Жапаров кошуна мамлекеттердин ортосунда эч кандай саясий карама-каршылык жок экенин, бул өз ара алака-катыштагы эң башкы жагдай экенин билдирди.

Токаев Садыр Жапаров президенттик кызматка киришкенден бери Кыргызстанга расмий сапар менен келген алгачкы чет өлкөлүк мамлекет башчы болуп калды.

Ал 27-майда Евразиялык экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө мамлекеттердин башчыларынын жыйынына катышат.

Бишкектеги жыйын видеоконференция форматында өтөт. Өткөн аптада ага Орусиянын президенти Владимир Путин баштаган бир катар өлкөлөрдүн башчылары келбей калганы белгилүү болгон.

Жогорку Евразия экономикалык кеңештин (ЕЭК) коллегиясынын төрагасы Михаил Мясникович саммиттин күн тартибинде 14 маселе бар экенин айткан.

2021-жылы бул уюмга Казакстан төрагалык кылып, анын жыйынтыктоочу жыйыны онлайн өткөн. Кеңешке төрагалык кылууну былтыр жыл аягында Кыргызстан өткөрүп алган.

Беларус, Казакстан, Орусия 2010-жылы Бажы биримдиги катары түзгөн ЕАЭБге Кыргызстан менен Армения 2015-жылы кошулган.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...