• Башкы бет
  • Ооганстан: Жардыруудан улам ондон ашуун адамдын өмүрү кыйылды
15:16, 2022-ж., 26-май

Ооганстан: Жардыруудан улам ондон ашуун адамдын өмүрү кыйылды

Ооганстан: Жардыруудан улам ондон ашуун адамдын өмүрү кыйылды

25-майда Ооганстандын баш калаасы Кабулда жана өлкө түндүгүндөгү Мазари-Шариф шаарында болгон жардыруулардан ондон ашуун адамдын өмүрү кыйылды.

Талибдер башында турган өкмөттүн өкүлү Абдул Нафи Такур “Азаттыктын” ооган кызматына билдиргендей, Кабулдагы мечитте болгон жардыруу эки адамдын өмүрүн алды. Он чакты киши жарадар болуп, ооруканадан беш киши каза болгонун ырасташты.

Окуя кечки намаз окулуп жаткан маалда болгон. Жардыруу үчүн жоопкерчиликти эч бир топ өз мойнуна ала элек. Буга чейин мындай жардыруулар үчүн жоопкерчиликти “Ислам мамлекети” радикал уюмунун Ооганстандагы канаты алып келген.

Ал эми Балх провинциясынын борбору Мазари-Шариф шаарында үч чакан автобуска коюлган бомба жарылып, тогуз киши набыт болду. Бул тууралуу жергиликтүү полиция башкармалыгы билдирди. Ал жактагы жардыруулар үчүн жоопкерчиликти “Ислам мамлекети” террордук уюму алды.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...