• Башкы бет
  • УКМК аткезчилик жол аркылуу ташылган ири тамеки заттарына бөгөт койду
14:11, 2022-ж., 25-май

УКМК аткезчилик жол аркылуу ташылган ири тамеки заттарына бөгөт койду

УКМК аткезчилик жол аркылуу ташылган ири тамеки заттарына бөгөт койду

Өлкө аймагынан коңшу Казакстанга аткезчилик жолу менен чыгарылып бара жаткан тамеки заттарынын ири партиясы аныкталып, бөгөт коюлган. 

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети тараткан маалыматка ылайык, 22-майда «Чоң-Капка» өткөрмөсүнөн А.Р.А. аттуу кыргызстандык жарандын башкаруусундагы жүк ташуучу унаа кармалган.

Текшерүүнүн жүрүшүндө акциздик маркалары жана уруксат берүү жөнүндөгү коштоочу документтери жок 89 куту тамеки буюмдары табылган.

Учурда атайын кызмат тарабынан салыктык чегерүүлөрдү төлөбөй коюу түрүндө келтирилген зыянды жана бул ишке катышкан адамдарды аныктоого иштери жүргүзүлүүдө.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...