14:09, 2022-ж., 25-май
Бишкекте үй тиричилик буюмдарын чыгаруучу толук циклдүү завод иштеп баштады
21-майда Бишкекте Борбор Азиядагы биринчи үй тиричилик буюмдарын чыгаруучу толук циклдуу заводдун ачылышы өттү. Анда заводто чыгарыла турган продукциянын жаңы коллекциясиялары көрсөтүлдү.
Иш-чарага президенттик администрациянын өкүлдөрү, РКДФ башкармалыгынын төрагасы Артём Новиков, Инвестицияларды өнүктүрүү агенттигинин директору Равшан Сабиров, Аламүдүн районунун акими Бактыбек Анаркулов катышкан.
Маткасымов 2016-жылы негизделген ата мекендик өндүрүштүк компания. 2022-жылга чейин Төмөнкү Ала-Арчадагы заводдо ишмердүүлүгүн жүргүзүп келген. Маевкадагы жаңы завод автоматтык сырдоо линиясы, труба прокат жана штамптоо цехи менен толук циклди аткарат.
Жалпы өндүрүш аянты 2,5 гектар, курулуш 8 айга созулган. Компанияда 150дөн ашуун жумушчу орундары каралган. Заводдун кубаттуулугу жылына 10 миллион товарды түзөт.
Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
Акыркы жаңылыктар
14:08
-ж., 29-февраль
14:04
-ж., 29-февраль
14:02
-ж., 29-февраль
14:01
-ж., 29-февраль
13:59
-ж., 29-февраль
13:55
-ж., 29-февраль
13:52
-ж., 29-февраль
13:49
-ж., 29-февраль
live comments feed...
Комментарийлер