• Башкы бет
  • Оштун мэри таза суу боюнча жаңы долбоор качан башталарын айтты
15:36, 2022-ж., 24-май

Оштун мэри таза суу боюнча жаңы долбоор качан башталарын айтты

Оштун мэри таза суу боюнча жаңы долбоор качан башталарын айтты

Кечээ, 23-майда Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов нөшөрлөп жааган жамгыр жана сел учурунда жарандарды ичүүчү суу менен камсыздоо маселеси боюнча массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү үчүн маалымат жыйын өткөрдү. Шаар башчы быйылкы жылы ишке ашырыла турган долбоорлорго токтолду.

“Жарандарды таза суу менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу максатында Ак-Буура дарыясынын жогору жагындагы суу алуучу тосмону 2,4 чакырымга жылдыруу долбоору даярдалган. Бул долбоордун алкагында азыркы “Плотина” суу тосмосунан диаметри 1000 мм болгон суу түтүгүн тартуу пландалууда. Бул долбоор нөшөрлөп жааган жамгыр жана суу ташкын учурунда жарандарды таза суу менен камсыздоо маселесин 75-80%га чечет. Долбоор КР Министрлер Кабинети тарабынан колдоого алынып, тиешелүү долбоордук-сметалык документтер даярдалды”, - деп белгиледи А.Мамбетов.

Бул долбоордун баасы 3 миллион АКШ долларын түзөт, каржылык колдоону гранттык негизде Азия өнүктүрүү банкы көрсөтөт. Учурда техникалык документтер даярдалып жатат, бул иштерди аткаруу үчүн июль айында тендер жарыяланат.

Алмаз Мамбетов ошондой эле сууну мембраналык тазалоону киргизүү боюнча пилоттук долбоор иштелип жатканын, бул ылайлануу күчөгөн мезгилде тазалоо көрсөткүчүн жогорулата турганын баса белгиледи.

“Учурда сууну мембраналык тазалоо технологиясын киргизүүнү да карап жатабыз. Бул технология азыр Бакуда активдүү колдонулуп жатат, ал жерге маселени тереңирээк изилдөө үчүн тиешелүү адистер жиберилет. Ошондой эле, бул технология Казакстанда аз көлөмдө колдонулат. Бул технологияны Ош шаарында пилоттук киргизүү пландалып жатат, эгер ал өзүн актаса, анда биз аны кеңири масштабда ишке киргизебиз. Анда суткалык тазалоо 150 000 м3 кем эмес болот”, - деп белгиледи мэр.

Ошондой эле ЖМК өкүлдөрү буга чейин чет элдик эксперттер тарабынан ишке ашырылып, оңдуу жыйынтык бербеген долбоорлор боюнча суроолорду беришти.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...