• Башкы бет
  • Ошто “Коопсуздук-2022” жана “Түштүк-2022” машыгуулары башталды
15:34, 2022-ж., 24-май

Ошто “Коопсуздук-2022” жана “Түштүк-2022” машыгуулары башталды

Ошто “Коопсуздук-2022” жана “Түштүк-2022” машыгуулары башталды

Бүгүн, 24-майда Ош шаарында, Ош жана Жалал-Абад облустарында биргелешкен командалык-штабдык жана мобилизациялык “Коопсуздук-2022” жана “Түштүк-2022” бирдиктүү мобилизациялык машыгуулары башталды.

Машыгуунун ачылышына КР Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын башчысы генерал-майор Эрлис Тердикбаев, шаардык оперативдүү штабдын жетекчиси, Ош шаарынын вице-мэри Сонунбек Жунусбаев, КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов, Куралдуу Күчтөрдү башкаруу органдары, КР Президентинин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн аппараты, Ош шаарынын мэриясы, Ноокат жана Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациялары, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, Ички иштер министрлигинин, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин, Саламаттык сактоо министрлигинин аймактык бөлүмдөрү катышууда.

Машыгуулардын темасы: “Республиканын айрым райондорунда согуштук абалды киргизуунун шарттарында мамлекеттик органдардын иши”.

Машыгуунун жүрүшүндө Ош облусунун Ош жана Ноокат шаарларында, ошондой эле Жалал-Абад облусунунун Ала-Бука районунун айрым резервдик түзүлүштөрүн практикалык түзүү менен регионго аскердик абалды киргизүү шартында абалды турукташтыруу боюнча тапшырмалар аткарылат.

Стратегиялык объектилердин коопсуздугун жана коргонуусун камсыз кылуу, резервдик бөлүктөрдүн күчү менен өткөрүү пункттарын орнотуу уюштурулат. Министрликтердин жана ведомстволордун аймактык бөлүмдөрү жарандарды белгилүү бир аймактан эвакуациялоону, фильтрациялык пункттарды жана качкындарды убактылуу жайгаштырууну практикалык түрдө көрсөтүп беришет. Машыгуулар 26-майда аяктайт.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...