• Башкы бет
  • Үрүмчү-Бишкек-Үрүмчү аба каттамы жанданат
15:26, 2022-ж., 24-май

Үрүмчү-Бишкек-Үрүмчү аба каттамы жанданат

Үрүмчү-Бишкек-Үрүмчү аба каттамы жанданат

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги ушул жылдын июнь айынан тартып Үрүмчү-Бишкек-Үрүмчү абакаттамы жанданарын билдирди. Мекеме тараткан маалыматта бул Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Кытайдын лидери Си Цзиньпиндин эки өлкөнүн ортосундагы авиабайланыш тууралуу макулдашуусунун негизинде ишке ашып жатканы айтылат.

"Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы туруктуу авиакаттамдарды жандантуунун чоо-жайын эки өлкөнүн компетенттүү органдары жакынкы күндөрү талкуулайт", деп айтылат билдирүүдө.

Коронавирус пандемиясынан улам 2021-жылы мартта "China Southern Airlines" компаниясы Үрүмчү-Бишкек-Үрүмчү багытындагы туруктуу авиакаттамын белгисиз мөөнөткө чейин токтоткон эле.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...