• Башкы бет
  • Cанарип өнүктүрүү министрлигинин бир катар мамлекеттик ишканаларды башкаруу маселеси боюнча депутаттык комиссия түзүү сунушталды
14:59, 2022-ж., 24-май

Cанарип өнүктүрүү министрлигинин бир катар мамлекеттик ишканаларды башкаруу маселеси боюнча депутаттык комиссия түзүү сунушталды

Cанарип өнүктүрүү министрлигинин бир катар мамлекеттик ишканаларды башкаруу маселеси боюнча депутаттык комиссия түзүү сунушталды

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук боюнча комитетинде депутат Нурбек Сыдыгалиев Санарип өнүктүрүү министрлигине "Кыргыз телеком", "Альфа Телеком", "Дастан" заводу жана "Евразия сактык банкы" сыяктуу мамлекеттик ишканаларды башкарууну берүү боюнча депутаттык комиссия түзүү маселесин көтөрдү.

18-майда парламент өкмөткө бул маселе боюнча маалымат берүү тууралуу протоколдук тапшырма берген.

Маселе 24-майда парламенттин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинде каралмак. Бирок министр Талант Иманов жыйынга келбегенине байланыштуу маселе күн тартибинен алынды.

Депутаттар бул маселени 25-майдагы жалпы жыйында карамай болушту.

Буга чейин Министрлер кабинети "Кыргыз телеком", "Альфа Телеком", "Дастан" заводу жана "Евразия сактык банкы" сыяктуу мамлекеттик ишканаларды башкарууну Санариптик өнүктүрүү министрлигине берген.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...