Эдил Байсалов Ош шаарындагы мектептердин бүтүрүүчүлөрү менен жолугушуу өткөрдү

21-майда, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Ош шаарына болгон иш сапарынын алкагында мектеп бүтүрүүчүлөрү менен жолугушуу өткөрдү.
Жыйынга Ош шаарынын вице-мэри Венера Рыскулова, КРнын билим берүү министринин орун басары Улан Мамбетакунов, шаардык билим берүү башкармалыгынын жетекчилери, мектеп директорлору, мугалимдер жана окуучулар катышты.
Эдил Байсалов мамлекет тарабынан билим берүү тармагында жүргүзүлүп жаткан өзгөрүүлөрдү айтып, учурда талап кылынган жаткан жана келечектүү кесиптердин өзгөчөлүктөрүнө токтолуп, ЖОЖдорго тапшырууда туура адистикти тандоо боюнча тажрыйбасы менен бөлүштү.
Тактап айтканда, Байсалов студенттерди инженердик-техникалык адистиктерге, IT-сфера багыттарына тапшырууга, англис тилин тереңдетип үйрөнүүгө чакырды.
Мектеп окуучулары билим берүү тармагындагы көйгөйлөр, болочок кесипти тандоо, жаштарды окутуу үчүн жаңы маданий-агартуу объектилерин, музыкалык окуу жайларды куруу боюнча суроолорду беришти.
Комментарийлер