Атайын тема
Данный раздел содержит официальные сообщения и новости от пресс-службы мэрии города Ош. Узнайте первыми из официального источника, оставьте свои отзывы под новостью!
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Ош шаарына болгон иш сапарынын алкагында Ош шаардык клиникалык ооруканасынын административдик имаратында болду. Анда Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун Жарлыгына ылайык оорукананын аймагын ОшМУнун карамагына өткөрүү боюнча бардык тараптар менен жолугушуу өткөрүлдү.
Жыйынга Ош шаарынын вице-мэрлери Жасур Азимов, Венера Рыскулова, ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков, медициналык мекеменин жетекчилиги катышты.
Комментарийлер