Жалал-Абадда нөөшөрлөп жааган жаандан улам 1 үй-бүлө үй-жайсыз калды

Жалал-Абад шаарында 4-майда жааган жаандан улам, Дачарассвет аймагында сел жүргөн. Анын кесепетинен бир үй-бүлө турак-жайсыз калган.
Малика Матаеванын үйү камсыздандыруудан өтпөгөндүктөн тиешелүү кызматтар жардам көрсөтүүдөн баш тартышкан. 20 күндөн бери күндүзү короосунда, түндөсү кошунасынын үйүндө күн кечирип келе жатканын айтат.
«Селдин эртеси Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери келип, таанышып, үйүмдү жараксыз деп кетишкен. Андан бери күндүзү сөрүдө, түндөсү 4 неберем, келиним менен куңшумдун үйүнө кирип баш калкалап жатабыз. Ошондон бери өкүлчүлүккө, мэрияга арыз менен кайрылдым. Бирок, жооп болбой жатат», —дейт Малика Матаева.
Жараксыз абалга кептелген турак-жай 2013-жылы салынып, 4 бөлмөдөн турат.
«Ал үй боюнча мэриянын кызматкерлери актыларды түзүп, документтерин даярдап жатат. Көңүл сыртында калбайт. Албетте жардам беребиз. Бирок накталай каражат бөлүнбөйт. Фундаментин куюп, кирпич дагы башка курулуш материалдарынан жардам кылып, жаап беребиз», — дейт Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнестбек Ормоков.
Дача округу 1988-жылы түптөлгөн. 1000ге жакын түтүн жашайт. Учурда аталган аймакта жол, суу, свет, маселелери чоң көйгөй. Жар боюнда жашаган эл, катуу жааган жамгырда кооптонуп жашап келет.
Комментарийлер