• Башкы бет
  • Баткендик блогердин иши боюнча 11 милиция кызматкерине сөгүш берилип, 1 жетекчи кызматтан кетти
12:45, 2022-ж., 23-май

Баткендик блогердин иши боюнча 11 милиция кызматкерине сөгүш берилип, 1 жетекчи кызматтан кетти

Баткендик блогердин иши боюнча 11 милиция кызматкерине сөгүш берилип, 1 жетекчи кызматтан кетти

Блогер Батмакан Жолболдуеванын укугун бузган Баткен райондук ички иштер бөлүмүнүн 11 кызматкерине сөгүш, 5 кызматкерине «катуу сөгүш» берилип, 1 жетекчи кызматынан бошотулду. Бул тууралуу Акыйкатчы аппаратынан билдиришти.

Журналист Арзыгүл Галымбетованын өлүмү боюнча шектүү катары кармалган блогер Батмакан Жолболдуева менен Акыйкатчы аппаратынын кызматкерлери 5тен ашуун жолугушууларды өткөргөн.

Анда Жолболдуева ага карата бир нече мыйзамсыз иш-аракеттер болгонун белгилеген.

«Жолболдуева Баткендеги убактылуу кармоочу жайына жеткирилгенде биздин облустагы өкүл жолуккан. Анда ал милиция повестка берип чакырбастан, Раззаков шаарынан Баткенге алып келип камап койгону мыйзамсыз деп арыз жазган. 13-апрелде Жалал-Абаддагы ТИЗОго которулганда аталган облустагы өкүл эртеси 14-апрелде ага жолуккан. Анда Жолболдуева Баткендеги убактылуу кармоочу жайдын кызматкерлери тарабынан орой мамилеге, моралдык басымга чыдабай, колунун кан-тамырын кескенин белгилүү болгон», — деп айтылат маалыматта.

Мындан улам, акыйкатчы Атыр Абдрахматова Баткен облусунун ички иштер башкармалыгынын убактылуу жайынын кызматкерлерине карата жоопкерчилик чара көрүүнү талап кылып, Башкы прокуратурасына расмий кат жөнөткөн.

«Баткен облусунун прокуроруна жазылган катта прокурор сотко бөгөт коюу чарасы боюнча өтүнүч келтирген. Анда Жолболдуеванын жашы жете элек эки кичинекей баласы бардыгы, мурда соттолбогону, ошондой эле Бириккен Улуттар Уюмунун аялдарга карата мамилеси жана эркиндигинен ажыратууга байланышпаган укук бузган аялдарга карата жаза чаралары жөнүндөгү Бангкок эрежелери сакталбаганды көрсөтүлүп, бул талаптарды бөгөт чараны кароодо эске алууну талап кылынган».

Акыйкатчы Баткен облустук милициясынын убактылуу кармоочу жайынын кызматкерлерине карата жоопкерчилик чара көрүү талабы менен кайрылган. Баткен районунун прокуратурасы тарабынан мыйзам бузуучулукту жоюу жөнүндө Баткен облустук милициясынын башчысынын наамына сунуш келтирилген. 

Жыйынтыгында 11 кызматкерине сөгүш, 5 кызматкерине «катуу сөгүш» Коомдук коопсуздук кызматынын башчысы нөөмөт бөлүмүнүн жана убактылуу кармоочу жайынын жетекчиликке алуу боюнча орун басарына «ээлеген кызматынан төмөндөтүү менен бошотуу» тартиптик чара колдонулган.

Журналисттин өлүмү, блогердин кармалышы

Журналист Арзыгүл Галымбетова 25-март күнү кечке жуук өзүн жаман сезип ооруканага түшүп, эсине келбей каза болгон.

«Батма-бат» YouTube каналынын автору, блогер Батмакан Жолболдуева «Этиятсыздыктан өлүмгө алып келүү» беренеси менен козголгон кылмыш иштин алкагында 28-мартта кармалган.

Ага карата Кылмыш-жаза кодексинин 127 (“Этиятсыздыктан өлүмгө алып келүү”), 190(“Жеке жашоонун кол тийбестигин бузуу”), 379 (“Документтерди жасалмалоо”) жана 280-беренелери (“Бейбаштык”) менен төрт кылмыш иши козголгон.

Ош шаардык соту Батмакан Жолболдуеваны 26-майга чейин камакта калтыруу тууралуу чечим чыгарган.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...