• Башкы бет
  • Акылбек Жапаров менен өзбек премьер-министри эки өлкөнүн алакасы тууралуу талкуулашты
12:42, 2022-ж., 23-май

Акылбек Жапаров менен өзбек премьер-министри эки өлкөнүн алакасы тууралуу талкуулашты

Акылбек Жапаров менен өзбек премьер-министри эки өлкөнүн алакасы тууралуу талкуулашты

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов менен телефондон сүйлөштү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Анда тараптар "гуманитардык, соода-экономикалык кызматташты талкуулады. Алака-катышка байланыштуу эки тараптуу макулдашууларды ишке ашырууга даярдыгын билдиришти", деп айтылат маалыматта.

Өткөн аптада эки өлкөнүн президенттери Садыр Жапаров менен Шавкат Мирзиёев дагы телефондон сүйлөшүп, алака-катышты, анын ичинде чек ара маселелерин талкуулаган.

Бир канча жылдардан бери салкындап кеткен коңшу мамлекеттердин кызматташтыгы Мирзиёев бийликке келгенден кийин кайра жанданган.

Азыр тараптар кыргыз-өзбек чек арасын тактоого аракет кылып жатат. 17-майда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев менен Өзбекстандын Мамлекеттик коопсуздук кызматынын төрагасы Абдусалом Азизов эки өлкөнүн чек ара тилкесинде жолугушкан.

Анын алдында 5-7-май күндөрү Бишкекте кыргыз-өзбек чек арасын тактоо боюнча жумушчу топтордун жолугушуусунда демаркацияны жөнгө салуучу документтин долбоору ортого салынган.

Эки өлкө ортосундагы чек аранын узундугу 1378 чакырымды түзүп, 2017-жылдагы макулдашуунун негизинде анын 1170 чакырымы (85%), андан кийин дагы 13% такталган.

Быйыл кыргыз-өзбек чек арасында мыйзамсыз жүк өткөрүүгө аракет кылган деп, кыргызстандык жарандарга өзбек чек арачылары ок аткан эки учур катталды.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...