Кыргызстанда быйылкы окуу жылы качан аяктары айтылды

2021-2022-окуу жылы Кыргызcтандын бардык жалпы билим берүү уюмдарында 2022-жылдын 8-июнунда аяктайт. Бул тууралуу "АКИpress агенттиги Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматына шилтеме берүү менен жазды.
Акыркы коңгуроого арналган салтанаттуу иш-чаралар мектептерде 9-июнда саат 9:00дө башталат.
Билим берүү жана илим министрлиги окуу жылы аяктап жатканына байланыштуу республикадагы бардык райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн, усулдук билим берүү борборлорунун жетекчилери менен 17-майда онлайн-жолугушуу өткөрүп, анда мектептерде акыркы коңгуроону коопсуздук талаптарына ылайык уюштуруу жана өткөрүү боюнча маселелер каралды.
Ошондой эле бул иш-чараны мектепте жана мектептин аймагында уюштуруу жана өткөрүү учурунда жалпы билим берүү уюмдарынын директорлоруна окуучулардын коопсуздугун сактоо жана аны камсыз кылуу боюнча атайын иш-чара кабыл алып, ата-энелердин арасында салтанаттуу иш-чарадан кийин балдардын өмүрү жана ден соолугу үчүн алардын жоопкерчилигин жогорулатуу боюнча тапшырмалар берилди.
Комментарийлер