13:50, 2022-ж., 20-май
Кыргызстандык окуучу Менделеев олимпиадасында коло медалга татыктуу болду

Кыргызстандык окуучу Иван Решетников мектеп окуучуларынын химия боюнча 56-Эл аралык Менделеев олимпиадасында коло медалга ээ болду. Бул тууралуу билим берүү жана илим министрлиги 20-майда билдирди.
Решетников Токмок шаарындагы Жусуп Баласагын атындагы лицейдин 10-классынын окуучусу. Ал 9-16-май күндөрү Ташкентте өткөн 56- Эл аралык Менделеев олимпиадасына катышкан. Сынакка 16 өлкөдөн жүздөн ашык окуучу, анын ичинде Кыргызстандан 6 окуучу барды.
Мелдеш эки теориялык жана бир эксперименталдык тур менен өткөн.
Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
Акыркы жаңылыктар
11:30
-ж., 18-март
11:28
-ж., 18-март
Атайын тема
live comments feed...
Комментарийлер