15:36
Кечээ
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын ыкчам кызматкери пара талап кылууга шектелип кармалганын кабарлады. Атайын кызмат тараткан маалыматка караганда, анын 1 500 доллар акча талап кылганы аныкталган.
«18-майда Кара-Суу районунун аймагында көрсөтүлгөн сумманын 20 миң сом өлчөмүндөгү бир бөлүгүн алып жаткан жеринен Ош ШИИБнин уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмүнүн ыкчам кызматкери, милициянын майору К.Т.Т. кармалды», -деп айтылат маалыматта.
Азыркы учурда тиешелүү ыкчам-тергөө амалдар уланууда.
Комментарийлер