• Башкы бет
  • Быйыл 30дан ашык көчөдө тротуарлар жаңыланып, 20дан ашык аялдама курулат
15:47, 2022-ж., 19-май

Быйыл 30дан ашык көчөдө тротуарлар жаңыланып, 20дан ашык аялдама курулат

Быйыл 30дан ашык көчөдө тротуарлар жаңыланып, 20дан ашык аялдама курулат

Кечээ, 18-майда Ош шаарынын вице-мэри Жасур Азимов мэр Алмаз Мамбетовдун тротуарларды, жолдорду асфальттоо жана квартал ичиндеги көчөлөргө кирүүчү жолдорду куруу боюнча протоколдук тапшырмасынын аткарылышы менен таанышты.

Анын алкагында Анар кичи районундагы, Ирригатор көчөсүнүн Дача тилкесиндеги тротуарлардын курулушу, Абакир уулу Төрөбек көчөсүнүн боюна аллея куруу максатында убактылуу жана мыйзамсыз соода түйүндөрүнүн жана тосмолордун бузулушу, Көкүмбий, Абдыкадыров, Курманжан-Датка көчөлөрүнүн боюндагы аялдамалардын курулушу, Раззаков көчөсүнө кирүүчү жолдорду асфальттоо иштери менен таанышты.

Жыйынтыгында тиешелүү кызматтардын жетекчилерине иштерди сапаттуу жана өз убагында аткаруу боюнча тапшырмалар берилди.

Жалпысынан 2022-жылы Ош шаарында 30дан ашык көчөдө тротуарларды жаңылоо жана 20дан ашык коомдук транспорттор үчүн аялдама куруу пландалууда.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...