14:08
-ж., 29-февраль
Жалал-Абад шаарында жол тыгынын жараткан автоунаалар алынып жатат. Кечээ жүргүзүлгөн рейдде 14 унаанын ээсине айтып пул салынып, 11 унаа короого киргизилген.
Жалал-Абад ЖККККнан билдиришкендей, шаарда жол тыгынына себепкер болуп, мүмкүн болбогон жерлерге белгиге баш ийбей токтотулган автоунаалар алынып, атайын унаа токтотуучу жайга жеткирилүүдө.
Бузуулар жөнүндө кодексинин 188-беренесинин 1-пунктуна ылайык, айып пул 1000 (миң сом) каралган. Унаа ээлери түзүлгөн протоколдун негизинде айып пулду төлөгөндөн кийин, унааларын алып чыгышса болот.
Рейд күн сайын уналат.
Комментарийлер