• Башкы бет
  • Башкы прокуратура "Ош" эл аралык аэропорту боюнча ишти иликтей баштады
15:30, 2022-ж., 19-май

Башкы прокуратура "Ош" эл аралык аэропорту боюнча ишти иликтей баштады

Башкы прокуратура "Ош" эл аралык аэропорту боюнча ишти иликтей баштады

Башкы прокуратура “Ош” эл аралык аэропортунун шыбы эмне себептен урап түшкөнүн, курулган имараттын долбоорго шайкештигин жана ал кандай шартта кабыл алынганын иликтей баштады. Бул тууралуу башкы көзөмөл органынын басма сөз кызматы кабарлады. Мекеме аэропорттун шыбы ураган имаратын кайсы компания салганы тергөөдө аныкталарын кошумчалады.

18-майда катуу шамал менен коштолгон нөшөрлөп жааган жаандан улам “Ош” аэропортунун күтүү залынын шыбынан суу агып, анын кесепетинен имараттын шыбы урап түшкөн. Ал учурда күтүү залында бир топ киши болгон. Окуяны аба майдандын өзүнүн жумушчу комиссиясы да иликтеп жатат.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...