• Башкы бет
  • "Ош" эл аралык аэропортунун кошумча имаратын 3 компания курган
15:18, 2022-ж., 19-май

"Ош" эл аралык аэропортунун кошумча имаратын 3 компания курган

"Ош" эл аралык аэропортунун кошумча имаратын 3 компания курган

Ош" эл аралык аба майданынын чатырынан суу өткөн имаратын 2016-жылы тендерди уткан үч компания курган. Бул тууралуу аэропорттун директору Арипжан Токуров билдирди, деп жазат "Азаттык" радиосу.

Анын айтымында, 2012-жылы “Аль-Манар” компаниясы 78 млн. сомго аба майдандын батыш тарабына ички каттамдар менен учуп келгендерди кабыл алуу залын салган. Имараттын капталдары айнек менен тосулуп, жеңил типте курулг ан.

2016-жылы бул жайды кеңейтүү үчүн тендерди “Элит строй сити”, “Авангард рим строй” жана “Ак Бата” компаниялары уткан. Алар 2012-жылы курулган залды толугу менен бузуп, анын ордуна 70 млн. сомго жаңы имарат салган.

"Ош" аэропортунун жетекчиси келтирилген зыян боюнча мекеменин өзүндө комиссия түзүлүп, 2014-2018-жылдардагы курулган курулуштарды иликтей турганын кошумчалады.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...