• Башкы бет
  • Ош шаарындагы борбордук базарда рейд болду
14:26, 2022-ж., 17-май

Ош шаарындагы борбордук базарда рейд болду

Ош шаарындагы борбордук базарда рейд болду

Бүгүн, 17-майда Ош шаарынын борбордук базарында өрт, экологиялык жана техникалык коопсуздук нормаларынын сакталышын текшерүү максатында рейд өткөрүлдү. Ага Ош шаарынын биринчи вице-мэри Марс Исаев баштаган тиешелүү муниципалдык мекемелердин, базар, санэпид, экология кызматтарынын жетекчилери жана өкүлдөрү катышты.

Иш-чаранын алкагында базардын учурдагы абалына, сатып алуучулар жана соодагерлер үчүн түзүлгөн шарттарга өзгөчө көңүл бурулду. Рейддин негизги максаты - Ош шаарындагы базарлардын абалын жакшыртуу, калкка керектүү шарттарды түзүү, калаанын жалпы көрүнүшүн жакшыртуу болуп саналат.

Рейддик текшерүүлөрдүн жыйынтыгы менен рыноктун учурдагы абалына байланыштуу тиешелүү кызматтарга жана органдарга тапшырмалар берилди:

- борбордук базардагы муниципалдык жерлердин аянтын тактоо, ошондой эле муниципалдык базардын жана жеке кичи базарлардын чек араларын аныктоо;

- мыйзамсыз курулуштарды жана соода түйүндөрүн алып салуу;

- базардагы өрт коопсуздугун нормага ылайыктоо.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...