• Башкы бет
  • Тажикстан: Хорог шаарындагы нааразычылык акциясында бир киши каза болгондугу айтылууда
14:21, 2022-ж., 17-май

Тажикстан: Хорог шаарындагы нааразычылык акциясында бир киши каза болгондугу айтылууда

Тажикстан: Хорог шаарындагы нааразычылык акциясында бир киши каза болгондугу айтылууда

Тажикстандын Тоолуу Бадахшан автоном облусунун борбору Хорог шаарында 16-майдагы нааразылык акциясында бир кишинин өмүрү кыйылганы белгилүү болду. Бул маалыматты «Азаттыктын» тажик кызматына кеминде төрт булак ырастады.

 Маалыматка ылайык, Гулакен конушунунун 1992-жылы туулган тургуну Замир Назаршоев милиция менен кагылышууда каза тапкан. Тажик бийлиги Хорогдогу дүйшөмбүдө болгон окуялар тууралуу расмий маалымат бере элек.

Буга чейин «Озоди» радиосунун булактары Хорог шаарында нааразылык акциясында кеминде үч киши жараат алганын билдиришкен. Маалыматка ылайык, 16-майда милиция Хорог шаарынын борборуна багыт алган жаштардын тобун токтотуу үчүн көздөн жаш чыгаруучу газ жана желим окторду колдонгон.

14-майда да Хорог шаарынын жүздөгөн тургундар митингге чыгып, Тоолуу Бадахшан автоном облусунун башчысы Алишер Мирзонаботанын жана шаардын мэри Ризо Назарзоданын отставкага кетишин, шаардын борбордук бөлүгүндөгү блокпостторду алып салууну, Бадахшандын тургундарын куугунтуктоону токтотууну талап кылышкан.

Автоном облустун бийлиги митингчилердин аймактын жетекчилерин кызматтан алууга байланыштуу талабын «мыйзамсыз» деп мүнөздөп, аны аткаруудан баш тарткан. Митингдин катышуучуларынын бири талаптар аткарылмайынча нааразылык акциялары улана берерин «Озоди» радиосуна айткан. Тажик бийлигинин өкүлдөрү өлкөдөгү «мыйзамсыз нааразылык акциялары террорчулук катары эсептелине турганын» эскерткен.

Хорогдогу кырдаал өткөн жылдын ноябрында курчуп кеткен. Анда күч түзүмдөрүнүн операциясы маалында 29 жаштагы Гулбиддин Зиебеков аттуу жергиликтүү тургун өлтүрүлгөн. Бийликтин элди таратуу аракетинен майнап чыккан эмес. Чогулгандар маркумдун сөөгүн администрациянын алдына коюп, анын өлүмүн иликтөөнү талап кылышкан.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...