• Башкы бет
  • Садыр Жапаров Кремлде Путин менен жолукту
14:20, 2022-ж., 17-май

Садыр Жапаров Кремлде Путин менен жолукту

Садыр Жапаров Кремлде Путин менен жолукту

Президент Садыр Жапаров 16-майда Москвада Орусиянын башчысы Владимир Путин менен жолугушту.

Мамлекет башчынын маалымат кызматы кабарлагандай, "Тет-а-тет форматындагы жолугушууда өлкө лидерлери кыргыз-орус эки тараптуу кызматташтыгынын актуалдуу багыттарын талкуулашты".

Путин эки өлкө ортосундагы мамилелер жалпысынан позитивдүү өнүгүп жатканын, былтыр товар жүгүртүүдө олуттуу өсүш болгонун, Орусия Кыргызстандын товар жүгүртүүсүндө ишенимдүү биринчи орунда турарын айтты.

Жапаров Орусия менен бардык багыттар боюнча эки тараптуу кызматташууга даяр жана кызыкдар экенин билдирди.

Кыргызстандын президент баштаган расмий делегациясы Москвага Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) кезектеги саммитине катышуу үчүн барган.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...