• Башкы бет
  • Педофилдердин жазасын катуулатуу боюнча мыйзам долбоору иштелип чыкты
14:12, 2022-ж., 17-май

Педофилдердин жазасын катуулатуу боюнча мыйзам долбоору иштелип чыкты

Педофилдердин жазасын катуулатуу боюнча мыйзам долбоору иштелип чыкты

Кыргызстанда балдарга карата жыныстык зомбулук көрсөткөн кылмышкерлердин жазасын катуулатуу боюнча мыйзам долбоору иштелип чыкты. Документ бүгүн 17-майда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана парламенттик регламент боюнча комитетинде каралып, биринчи окууда бир добуштан кабыл алынды.

Автор депутат Мирлан Маматалиевдин айтымында, Кылмыш-жаза кодексине жана мунапыс берүү жөнүндөгү мыйзамга өзгөртүүлөр сунушталууда:

“Статистиканы карасак, 2021-жылы балдарга карата 3034 кылмыш жасалса, анын 500гө жакыны, тилекке каршы, ушундай кылмыштар (293ү жыныстык эркиндикке каршы, 153ү үй-бүлө мамиле салтына жана жашы жете электердин кызыкчылыгына каршы) болгон экен. Мыйзамды өзгөртүп жаткан себебибиз – кылмышкерлер мунапыска да, кылмыштын мөөнөтү өтүп кетти дегенге да кирип калат экен, психикалык жактан оорулуумун деп жоопкерчиликтен качып кете алат экен”.

Эгер мыйзамга сунушталып жаткан өзгөртүүлөр колдоо тапса, педофилдер мунапыс ала албайт, аларга кылмыштын мөөнөтү деген аныктама колдонулбайт, ооруканага жатабы-жокпу, жазасын өтөөгө милдеттүү болот.

Эреже боюнча, мыйзам күчүнө кирүүсү үчүн ал комитеттерден кийин жалпы парламентте да каралып, президенттин колу коюлушу керек.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...