• Башкы бет
  • Аба ырайы: Көпчүлүк аймактарда өткүн өтөт
14:06, 2022-ж., 17-май

Аба ырайы: Көпчүлүк аймактарда өткүн өтөт

Аба ырайы: Көпчүлүк аймактарда өткүн өтөт

18-майда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда өткүн өтөт, бийик тоолордө кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын жаабайт. Күндүз Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда өткүн өтөт, бийик тоолуу аймактарда кар жаайт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 10...15, күндүз 24…29;

Талас жергесинде түнкүсүн 8...13, күндүз 23…28;

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 12…17, күндүз 25…30;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 7...12, күндүз 17...22;

Нарын облусунда түнкүсүн 4…9, күндүз 18…23;

Бийик тоолордо түнкүсүн -4…+1, күндүз 3…8 градус.

Бишкекте жаан-чачын жаабайт, кечке маал өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн . Абанын температурасы түнкүсүн 11…13, күндүз 27…29 градус болот.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...