• Башкы бет
  • Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети боюнча беш мызам талкууланат
14:54, 2022-ж., 16-май

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети боюнча беш мызам талкууланат

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети боюнча беш мызам талкууланат

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) ишмердүүлүгүнө байланыштуу мыйзам долбоорлорунун топтому бүгүн 16-майда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинде үчүнчү окууда каралат.

Улуттук коопсуздук органдары, чалгын жана контрчалгын, тышкы чалгын ишмердүүлүгү жана терроризмге каршы мыйзам долбоорлорун комитет экинчи окууда бир ай мурда талкуулап, колдоп берген.

Талкуу учурунда атайын кызматка адамдарды прокуратуранын уруксаты жок эле тыңшоо жана тасмага тартуу укугу берилип жатканы сынга алынган.

УКМКнын ишин жөнгө салган мыйзамдардын пакетине жалпы жонунан 900 жаңы бөлүм толукталып жатат.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...