• Башкы бет
  • Жергиликтүү кеңештин депутатынын сөөгү табылды
14:50, 2022-ж., 16-май

Жергиликтүү кеңештин депутатынын сөөгү табылды

Жергиликтүү кеңештин депутатынын сөөгү табылды

Чүй облусунун Панфилов районунун жергиликтүү кеңешинин депутаты, 42 жаштагы Бакир Исаковдун сөөгү табылып, туугандарына өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги маалымдады.

Бакир Исаков 11-май күнү дарыядагы аралчада калган жылкысын чыгаруу үчүн сууга ӨКМдин куткаруучусу менен чогуу кайык менен түшүп, оодарылып кеткен. Жээкке чыга албай калган. Аны менен бирге жүргөн куткаруучу сүзүп чыгууга үлгүргөн.

Издөө иштерине Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен 20 куткаруучу жана суучулдар кызматынан беш суучул тартылган. Алар топ-топко бөлүнүп, Суусамыр дарыясында жана жээктеринде издөө иштерин 11-майдан бери жүргүзүдү.

Соңку күндөрү жаан-чачындуу аба-ырайына байланыштуу дарыялардын деңгээли көтөрүлүп, нугунан чыккан учурлар катталууда.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...