• Башкы бет
  • Муунай заттарын жүгүртүү менен алектенген ишкерлер Салык кызматынын маалыматтык ситемасына катталууга милдеттү болду
15:19, 2022-ж., 14-май

Муунай заттарын жүгүртүү менен алектенген ишкерлер Салык кызматынын маалыматтык ситемасына катталууга милдеттү болду

Муунай заттарын жүгүртүү менен алектенген ишкерлер Салык кызматынын маалыматтык ситемасына катталууга милдеттү болду

Маркаланган продукцияны, мунайды жана мунай заттарды жүгүртүү менен алектенген ишкерлер 15-майдан тартып Салык кызматынын маалыматтык системасында катталууга жана электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазды колдонууга милдеттүү болот. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.

Электрондук документ жүгүртүүнүн катышуучусу катары «ЭТТК» маалыматтык системасына катталуу аталган кызматтын сайтындагы «жеке кабинет» аркылуу ишке ашырылат. 

«ЭТТКнын эң негизги артыкчылыгы болуп анын ыкчамдыгы саналат. Бул ишкерлерге контрагенттер менен бир канча мүнөттүн ичинде электрондук документ (анын ичинде оңдоп-түзөөчү документ) алмашууга мүмкүндүк берет. Буга чейин контрагентке документтерди (кагаз жүзүндө) жөнөтүү бир нече күндү, ал тургай жумаларды талап кылып келген», — деп айтылат маалыматта.

«ЭТТК» маалыматтык системасы электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазды тариздөөгө, аларды реалдуу режимде контрагентке берүүгө мүмкүндүк берүүчү салык кызматынын бирдиктүү порталы болуп саналат. 

Салык кызматынан кошумчалашкандай, бул иштин кагазсыз формасына өтүүгө байланыштуу болууда. Ошондой эле, кеңсе жана почта керектөөлөрүнө сарпталган чыгымдарды кыскартуу, ички документ жүгүртүүнү оптималдаштыруу жана башкаруунун сапатын жакшыртуу мүмкүнчүлүгү дагы башка артыкчылыктардын катарына киргизилүүдө.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...