• Башкы бет
  • Президент пляж аймактарына жергиликтүү тургундардын эркин кирүүсүн шарттаган жарлыкка кол койду
15:16, 2022-ж., 14-май

Президент пляж аймактарына жергиликтүү тургундардын эркин кирүүсүн шарттаган жарлыкка кол койду

Президент пляж аймактарына жергиликтүү тургундардын эркин кирүүсүн шарттаган жарлыкка кол койду

Президент Садыр Жапаров бүгүн 13-майда «Ысык-Көл облусунун калктуу конуштарынын тургундарынын пляж аймактарына кирүү укугун камсыз кылуу жөнүндө» жарлыкка кол койду. 

Маалыматка караганда учурда, Ысык-Көлдүн аймагында жайгашкан санаторий, пансионат, эс алуу үйлөрү жана коттедждик конуштар ар кандай тосмолор менен тосулуп турат. Мындай көрүнүш жергиликтүү тургундардын нааразычылыгын жаратып келген.

Өлкө башчынын жергиликтүүлөрдүн кызыкчылыктарын коргоо үчүн кабыл алган жарлыгы боюнча:

§Ысык-Көлдүн курорттук-рекреациялык аймагында жайгашкан конуштардын тургундарынын пляж аймактарына кирүүсүнө чектөө коюлбайт;

§Быйыл 1-июлдан тарта жарандардын тиешелүү калктуу конуштун чегинде, анын ичинде менчигинин түрүнө карабастан санаторийлердин, пансионаттардын, эс алуу үйлөрүнүн, коттеждик конуштардын аймагында жайгашкан пляж аймактарына тоскоолдуксуз кирүүсү камсыз кылынат;

§Ысык-Көлдүн пляж аймактарында жайгашкан, ачылуучу калиткалары жок жана жарандардын эркин кирүүсүнө тоскоолдук кылган тосмолор (дубалдар, темир торлор, металл зымторлор) демонтаждалып, аларды мындан ары орнотууга тыюу салынат;

§Бардык эс алуучу жайлар биодааратканалар менен жабдылат.

Жарлыктын талаптарын аткаруудан баш тарткан ижарачылар менен ижара келишимдерин бузуу талабы коюлду. Аны ишке ашыруу милдети президенттин Ысык-Көлдөгү ыйгарым укуктуу өкүлү, аким, Балыкчы, Каракол, Чолпон-Ата шаарларынын мэрлери жана ИИМге тапшырылган.

1-августга чейин Ысык-Көлдө объекттерди куруу, абаттоо жана техникалык эксплуатациялоонун эрежелери иштелип чыгышы керек.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...