• Башкы бет
  • Дүйнөлүк банк Кыргызстандын Билим берүү министрлигинин демилгелерин колдоого даяр экенин билдирди
15:13, 2022-ж., 14-май

Дүйнөлүк банк Кыргызстандын Билим берүү министрлигинин демилгелерин колдоого даяр экенин билдирди

Дүйнөлүк банк Кыргызстандын Билим берүү министрлигинин демилгелерин колдоого даяр экенин билдирди

Дүйнөлүк банк Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлигинин демилгелерин колдоого кошумча финансылык каражаттарды бөлүү мүмкүнчүлүгүн карап көрүүгө даяр экенин билдирди. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.

Май айынын башында Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев АКШга иш сапары барган. Анда Вашингтон шаарындагы Дүйнөлүк банктын башкы кеңсесинде мекеменин өкүлдөрү менен жолугуп, министрликтин жогорку билим берүү жаатындагы пландары менен тааныштырган. Сүйлөшүүлөдөн кийин Дүйнөлүк банк каражат бөлүүгө даяр экенин билдирген.

Учурда өлкөдө Дүйнөлүк банктын колдоосу менен “Келечек үчүн билим берүү” жана “Окутуунун негиздерин бекемдөө” долбоорлору иштеп жатат.

Мындан тышкары АКШдагы Билим берүү боюнча глобалдык өнөктөштүктүн өкүлдөрү да Кыргызстанга жогорку окуу жайларды модернизациялоого 15 млн АКШ доллары өлчөмүндө грант бөлүүгө, билим берүү системасынын потенциалын күчөтүүгө кошумча 1 млн АКШ долларын бөлүп берүүгө даяр экенин билдиришкен.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...