• Башкы бет
  • Түштүк Осетияда Орусияга кошулуу боюнча референдум өтөт
15:06, 2022-ж., 14-май

Түштүк Осетияда Орусияга кошулуу боюнча референдум өтөт

Түштүк Осетияда Орусияга кошулуу боюнча референдум өтөт

Грузияга караштуу жикчил Түштүк Осетиянын башчысы Анатолий Бибилов аймакты Орусияга бириктирүүгө байланыштуу референдум өткөрүү тууралуу жарлыкка кол койду, деп жазат "Азаттык" радиосу.

Референдум 17-июлга белгиленгенин "Рес" маалымат агенттиги Бибиловдун маалымат кызматына таянып жазып чыкты. Жарлыкта бул жараян “Түштүк Осетия республикасынын элинин Орусия менен кайра биригүүгө болгон тарыхый каалоосуна” байланыштуу өтүп жатканы айтылат. Бибилов 8-майдагы президенттик шайлоодо башкы атаандашы Алан Гаглоевге утулуп калган.

Добуш берүү болсо Алан Гаглоев кызматка киришкенден болжол менен эки ай өткөндөн кийин болот. Гаглоев "Ныхас" партиясынын лидери. Ал Түштүк Осетиянын көз карандысыздыгын колдоп келген. Ал 11-майда ТАСС агенттигине курган маегинде биригүү тууралуу суроого ачык жооп берген эмес жана "убагы келгенде" референдум өтө турганын айткан.

Москва Грузиядан көз карандысыздыгын жарыялаган Түштүк Осетияны жана Абхазияны 2008-жылдын август айындагы орус-грузин согушунан кийин "көз карандысыз мамлекет" деп тааныган. Орусиянын мындай чечимин саналуу мамлекеттер гана колдогон.

Расмий Тбилиси жана Бириккен Улуттар Уюмуна мүчө көпчүлүк мамлекеттер Түштүк Осетия менен Абхазияны оккупацияланган аймак катары мүнөздөп келет. Москва Түштүк Осетиянын 53 миңден ашуун калкынын дээрлик баарына орус паспортун берген.

Тблиси эки аймакты тең Грузиянын бөлүгү катары эсептейт. Эки жикчил аймакта тең миңдеген орус аскерлери жайгашкан.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...