
15:07, 2022-ж., 12-май
Ноокаттагы Он-Эки-Бел айыл өкмөтүнүн аппараты иш таштады. Алар эмнеге нааразы?

Ноокатта Он-Эки-Бел айыл өкмөт башчысынын кызматтан алынганына нааразы болгон аппарат кызматкерлери иш таштаганын билдирди. Алар жетекчиси мыйзамсыз жумуштан кетип жатканын айтып президентке кайрылган.
Кызматкерлер кайрылуусунда апрелде президенттин Оштогу өкүлчүлүгү аталган айыл өкмөттө текшерүү жүргүзүп, кагаз иштеринде кемчиликтерди тапканын моюндаган. Бирок окуядан кийин аймак башчысына эскертүү гана берилиши керек эле деген ойдо.
«Апрелде Ош облустук администрациясынан текшерүү келген. Текшерүүдө кагаз иштеринде кемчиликтер чыккан. Биз аны тез арада жоюуга сөз бергенбиз. Мыйзам боюнча эки жолу эскертүү берип, үчүнчүсүндө сөгүш жарыялап андан соң иштен алууну карашы керек эле. Бирок биздин айыл өкмөт башчынын кызмат ордун биринчи эскертүү бербей туруп карап койду. Бул жерде президенттин оштогу ыйгарым укуктуу өкүлү мыйзамсыз иштерге жол берип жатат. Биздин айыл өкмөттө алгылыктуу иштер алып барылып жаткан. Биз бош орундарды билдирбей, жок кызматкерлердин ишин да аткарып жатканбыз» — деген кызматкерлер кайрылуусунда.
Быйыл апрель айында президенттин Оштогу өкүлчүлүгү жергиликтүү мекемелерди текшерип, жыйынтыгында Өзгөн шаарынын мэри менен 12 айыл өкмөттүн башчысынын кызмат абалын кароону тапшырган. Анын ичинде Ноокат районунун Он-Эки-Бел айыл өкмөтүндө мамлекеттик фонддон келген шекер менен өсүмдүк майы өз баасынан кымбат сатылганы маалым болгону кабарланган. Мындан улам, акимге өкмөт башчысынын кызмат ордун кароо сунушу берилген.
Ноокат районунун Он-Эки-Бел айыл өкмөтүнө дээрлик бир жыл мурун Казыбек Осмонов башчы болуп дайындалган.
Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
Акыркы жаңылыктар
13:34
Кечээ
14:55
-ж., 29-сентябрь
ТОП новости
Атайын тема
Жарыялар
14:15, -ж., 26-сентябрь
27
live comments feed...
Комментарийлер