• Башкы бет
  • АКШ Тажикстанга учкучсуз аппарат берет
14:52, 2022-ж., 12-май

АКШ Тажикстанга учкучсуз аппарат берет

АКШ Тажикстанга учкучсуз аппарат берет

Вашингтон алдыдагы эки жылда Тажикстандын коопсуздук тармагына 60 миллиондон ашуун доллар бөлөт.

Бул тууралуу 10-майда АКШнын Дүйшөмбүдөгү элчиси Жон Марк Поммершайм билдирди. Жардамдын алкагында америкалык өкмөт чек ара аймактарындагы аба мейкиндиктерге байкоо салуучу Puma деген дрондорду бере турганы каралууда. Дипломаттын айтымында, ушу тапта тараптар 20 миллион доллардык келишимдин деталдарын макулдашып жатат.

Поммершайм Ооганстандын түндүгүндөгү террордук топтордун коркунучу тууралуу эскертти. Элчи АКШ тажик аймагында аскердик база орнотууну караштырбаганын да тактай кетти.

Маалыматка караганда, Кошмо Штаттар тажик-ооган чек арасында пост курууну, чек ара отрядын түзүүнү көздөөдө.

Поммершаймдын пресс-конференциясы Вашингтон менен Дүйшөмбүнүн ортосунда дипломатиялык мамилелердин орношунун 30 жылдыгына арналган.

"Азаттыктын" тажик кызматы – "Озоди" радиосунун жазганына караганда, элчи журналисттердин биринин АКШ Тажикстандагы адам укуктарынын бузулушун көңүл сыртында калтырып жатат деген сөздөрүнө макул эместигин айтты. Ал Мамлекеттик департамент жылдык докладдарында андай учурларды кеп кылганын белгиледи.

АКШ бийлиги жана укук коргоочу уюмдар Дүйшөмбүнү адам укуктарын бузганы, сөз эркиндигин, дин тутуу эркиндигин чектегени үчүн сындап келет. Тажик өкмөтү андай сынды “негизисиз” деп четке кагууда.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...