• Башкы бет
  • Президент "Эл үмүтү" аттуу эл аралык стипендиялардын программасын түзүү боюнча жарлыкка кол койду
14:27, 2022-ж., 11-май

Президент "Эл үмүтү" аттуу эл аралык стипендиялардын программасын түзүү боюнча жарлыкка кол койду

Президент "Эл үмүтү" аттуу эл аралык стипендиялардын программасын түзүү боюнча жарлыкка кол койду

Кыргызстанда “Эл үмүтү” аттуу эл аралык стипендиялардын жаңы программасы ачылды. Бул тууралуу жарлыкка кол койгонун 10-майда президент Садыр Жапаров билдирди.

Программада дүйнөнүн алдыңкы 100 университетинин биринин магистратурасы менен докторантурасына өткөн жаштар үчүн быйылтан тартып атайын стипендия каралганы, азырынча 50 улан-кызга берилери, стипендиянын көлөмү тандалып алынган университетке жараша болору, суммасы 50 миң доллардан ашпоого тийиш экени белгилүү болду.

Экономика жана гуманитардык адистиктер боюнча да тапшырсаңыздар болот, бирок, албетте, артыкчылык көбүрөөк техникалык жана инженердик багыттарга берилет. Илимдин доктору даражасы наамын алууга өзүнчө 10 стипендия бөлүнөт. Биз жаш окумуштуу-окутуучуларыбызды өзгөчө колдоого алалы деп жатабыз. Анткени алар студенттердин улам кийинки муунуна өз билими менен бөлүшүп турушат” деп жазды президент социалдык түйүндөрдөгү расмий баракчаларына.

Мындан тышкары өкмөт дүйнөнүн алдыңкы университеттери менен эки тараптуу максаттуу келишимдерди иштеп чыгууга киришкени маалым болду.

Кыргызстанда 70тен ашуун жогорку окуу жайы бар. Мындан тышкары кыргызстандык жаштар чет өлкөлүк окуу жайларга тапшырып, бекер жана акы төлөп окуу мүмкүнчүлүгүнө ээ.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...