• Башкы бет
  • Баткенде 1,5 гектар жер мыйзамсыз берилгендиги аныкталды
14:09, 2022-ж., 11-май

Баткенде 1,5 гектар жер мыйзамсыз берилгендиги аныкталды

Баткенде 1,5 гектар жер мыйзамсыз берилгендиги аныкталды

Баткенде айыл чарба багытындагы жерлердин мыйзамсыз берилгенине байланыштуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) кылмыш ишин козгоду.

Мекеменин басма сөз кызматы маалымдагандай, Баткен шаарынын "Аэропорт" кварталына караштуу Туура-Таш конушундагы 1,5 гектар жерди А. Б. аттуу жаранга берүү тууралуу токтомду 2007-жылы 22-декабрда шаардын ошол кездеги жетекчиси С. С. чыгарган. Токтомдун негизинде 2019-жылы августта Баткен райондук каттоо кызматы А. Б. аттуу жаранга 1,5 гектар жерди каттаган.

Облустук архивде токтом жок болуп чыккан, менчикке берилген 1,5 гектар жер 1992-жылдан бери жайыт категориясында болгону аныкталган.

УКМК иликтөө иштерин улантууда.

УКМК Баткен облусунда жайыт жерлерди мыйзамсыз трансформациялап, сатуу фактысы аныкталганын да маалымдаган. Ага ылайык, 2016-жылы 27-апрелде Баткен облусунун Кадамжай районунун акиминин буйругу менен Халмион айыл өкмөтүнө караштуу 34,5 гектар жер тилкеси “жайыт” категориясынан “калктуу конуштар” категориясына которулган. Ошол эле буйруктун негизинде 2016-2021-жылдар аралыгында аталган айыл өкмөтүнөн жеке турак жай куруу үчүн 50 жер тилкеси бөлүнүп, Ирелеш конушуна берилген. Жер тилкелери "Кадастр" мамлекеттик мекемеси тарабынан менчик укугуна чыгарылып, мамлекеттик актылар берилгени аныкталган.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...