• Башкы бет
  • Орусияда кесиптик кошуундар бирикмеси мигранттардын маянасын өндүрүү иштерин аткарууда
14:06, 2022-ж., 11-май

Орусияда кесиптик кошуундар бирикмеси мигранттардын маянасын өндүрүү иштерин аткарууда

Орусияда кесиптик кошуундар бирикмеси мигранттардын маянасын өндүрүү иштерин аткарууда

Орусиядагы кыргызстандык мигранттардын кесиптик кошуундар бирикмеси 2020-жылдан бери мигранттардын 20 млн. рубль айлык акыларын иш берүүчүлөрдөн алып берген. Бул тууралуу "Азаттык" радиосу бирикменин төрагасы Жамалидин Эшанкуловго шилтеме берүү менен жазды.

Анын айтуусунда быйыл апрель айында эле мигранттардын 280 миң рубль акысы өндүрүлдү.

Мигранттардын кесиптик кошуундар бирикмеси 2019-жылы түзүлгөн, 5,5 миң мүчөсү бар.

Расмий маалыматтар боюнча, Орусияда бир миллиондон ашуун кыргызстандык мигрант иштейт. Иш берүүчүлөр менен эмгек келишими жок иштеп, айлык акыларын ала албаган жарандар миңдеп саналат.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...