• Башкы бет
  • Кыргызстандын Тажикстандагы элчилиги аталган өлкөнүн абагында отурган кыргызстандыктардан кабар алды
15:09, 2022-ж., 10-май

Кыргызстандын Тажикстандагы элчилиги аталган өлкөнүн абагында отурган кыргызстандыктардан кабар алды

Кыргызстандын Тажикстандагы элчилиги аталган өлкөнүн абагында отурган кыргызстандыктардан кабар алды

Кыргызстандын Тажикстандагы элчилиги бул өлкөнүн абактарында отурган кыргызстандык жарандардан кабар алганын Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, 6-7-май күндөрү элчиликтин кызматкерлери Дүйшөмбү, Вахдат шаарларындагы жана Явон районундагы абактарда отурган төрт кыргызстандык менен жолугуп, алардын укугун коргоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат беришти.

Ошондой эле тажик тараптын жардамы менен аларга Кыргызстандагы жакындары менен видео байланыш аркылуу сүйлөшүүгө мүмкүнчүлүк берилди.

Кыргызстандын башкы прокурору Курманкул Зулушев Тажикстандын абактарында бүгүнкү күндө 13 кыргызстандык бар экенин, алардын экөө эркинен өмүрүнүн аягына чейин ажыратылганын быйыл 6-апрелде Жогорку Кеңеште депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып айткан. Ал абакта отургандардын маселеси Тажикстандын башкы прокурору менен пландалып жаткан жолугушууда талкууланышы мүмкүн экенин билдирген.

Тажикстанда камалып отургандардын көбүнө чек арадан мыйзамсыз өтүүгө байланыштуу айыптар тагылган. Жакындары аларга айып негизсиз тагылганын айтып келишет.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...