• Башкы бет
  • Ош шаарында "Өлбөс полктун" жүрүшү болуп өттү
15:07, 2022-ж., 10-май

Ош шаарында "Өлбөс полктун" жүрүшү болуп өттү

Ош шаарында "Өлбөс полктун" жүрүшү болуп өттү

9-май күнү  Ош шаарынын борбордук аянтында Улуу Жеңиштин 77 жылдыгына арналган майрамдык иш-чаралар өттү. Салтанаттуу иш-чарага Ош шаарынын биринчи вице-мэри Марс Исаев, вице-мэрлер, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери, тыл эмгекчилери, Оштогу Россиянын илим жана маданият борборунун өкүлдөрү, жаштар, волонтердук уюмдар жана тургундар катышты.

Майрамдык иш-чаралардын алкагында "Альфа" бөлүмүнүн эл аралык ардагерлер ассоциациясынын көмөгү менен майрамдык эстафета болуп өттү. Андан кийин “Өлбөс полктун” жүрүшү болуп, алдын ала эсептөөлөр боюнча ага 3000ден 4000ге чейин адам катышты.

Андан ары “Өчпөс от” мемориалдык комплексинде митинг-реквием өтүп, гүлчамбарлар коюлду. Мында курман болгон жоокерлерди эскерип, куран окулду.

Иш-чара Ош аскер гарнизону тарабынан ардагерлерге жана тыл эмгекчилерине уюштурулган майрамдык жоокер боткосун берүү менен аяктады.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...