• Башкы бет
  • Талапка жооп бербеген 18 автомектеп жабылды
15:04, 2022-ж., 10-май

Талапка жооп бербеген 18 автомектеп жабылды

Талапка жооп бербеген 18 автомектеп жабылды

Кыргызстанда 4-апрелден бери 142 автомектеп текшерилип, алардын ичинен талапка жооп бербеген 18и жабылды, дагы 47сине айып салынды.

Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы текшерүүдө 13 эле автомектеп лицензиянын талаптарына жооп берери аныкталганын билдирди.

Расмий маалымат боюнча Билим берүү жана илим министрлиги баш-аягы 272 автомектепке лицензия берген. Буга чейин айдоочуларды окутуу үчүн уруксат кагаздарын Билим берүү министрилиги берип келсе, былтыр декабрда бул милдет Ички иштер министрлигине жүктөлгөн.

Мындай чечим айдоочулук күбөлүк берүүдөгү коррупцияны жоюу үчүн кабыл алынганы айтылган.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...