• Башкы бет
  • Салык кызматы лоторея ойното баштады
14:54, 2022-ж., 10-май

Салык кызматы лоторея ойното баштады

Салык кызматы лоторея ойното баштады

Бүгүн, 10-майда мамлекеттик салык кызматы лотерея ойното баштаганын билдирди.

Байгеге iPhone, автоунаа жана башка баалуу буюмдар коюлган. Ал эми башкы байгеге Бишкек шаарынан батир берилет.

«Биз жарандарды лотереяга активдүү катышууга чакырабыз. Ага катышуу баалуу сыйлыктардын ээси болууга мүмкүнчүлүк берет. Канчалык көп чектер болсо, ошончолук байге утуп алуу мүмкүнчүлүгү жогору болот. Лотереяга катышуу – өлкөнүн өнүгүүсүнө кошкон салымыңыз! Чек талап кылыңыз — байге утуп алыңыз», — деп айтылат маалыматта.

Лотереяга катышуу үчүн:

– «Салык чек» мобилдик тиркемесин жүктөп алып, каттоодон өтүү;

– Ар бир товарларды сатып алуу же кызмат көрсөтүүлөрдү алуу үчүн ККМден накталай чекти талап кылуу;

– Мобилдик тиркемеде алынган кассалык квитанциянын QR кодун сканерлөө.

Сканирленген кассалык дүмүрчөктөрдүн топтолгон суммасы система тарабынан автоматтык түрдө утушка катышуу үчүн уникалдуу номерлерге алмаштырылат. 1 уникалдуу ID номер 1000 сомго ыйгарылат.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...