• Башкы бет
  • Аба ырайы: Көпчүлүк аймактарда жаан жаайт
14:51, 2022-ж., 10-май

Аба ырайы: Көпчүлүк аймактарда жаан жаайт

Аба ырайы: Көпчүлүк аймактарда жаан жаайт

11-майда түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаайт, бийик тоолордо кар жаайт, Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын кээ бир жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт. Күндүз көпчүлүк аймактарда жаан, тоолордо кар жаайт, кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаайт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 12...17, күндүз 18…22;

Талас жергесинде түнкүсүн 10...15, күндүз 19…24;

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 14…19, күндүз 22…27;

Ысык-Көл жана Нарын облустарында түнкүсүн 6…12, күндүз 17…22;

Бийик тоолордо түнкүсүн -3…+2, күндүз 10…15 градус.

Бишкекте маал-маалы менен жаан жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн 15…17, күндүз 20…22 градус болот.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...